Орусиянын элчиси үчүн Анкарада жаназа зыйнаты өткөрүлдү

Жаназа зыйнатына чет өлкөлөрдүн Анкара элчиликтеринин өкүлдөрү да катышты

634622
Орусиянын элчиси үчүн Анкарада жаназа зыйнаты өткөрүлдү

Анкарада кол салууда каза болгон Орусиянын элчиси Андрей Карлов үчүн Эсенбога аэропортунда жаназа зыйнаты өткөрүлдү.

Жаназа зыйнатына ички иштер министри Сүлейман Сойлу, вице – премьер Тугрул Түркеш, Анкара башкаруучусу Эржан Топажа, Анкара мэри Мелих Гөкчек жана кээ бир депутаттар катышты. Жаназа зыйнатына чет өлкөлөрдүн Анкара элчиликтеринин өкүлдөрү да катышты.

Жаназа зыйнаты бир минуталык эскерүү менен башталды. Андан кийин сөз сүйлөнүп, дуа кылынды. Саланаттан кийин элчи Карловдун жаназасын ташыган учак Орусияга учуп кетти.

 



Тектеш кабарлар