Ишканаларга 3 жылдык мөөнөт менен 50 миң лира кредит берилет

Премьер – министр Бинали Йылдырым Экономикалык Координация Кеңешинде өткөн жумада чыгарылган чечимдерди бөлүштү

627132
Ишканаларга 3 жылдык мөөнөт менен 50 миң лира кредит берилет

Премьер – министр Бинали Йылдырым экономикада чыгарылган чечимдерди билдирди. 2017 -  жылдын үнөмдүү жыл болорун айтты. Бинали Йылдырым Чанкая сарайында өткөргөн пресс – жыйында Экономикалык Координация Кеңешинде өткөн жумада чыгарылган чечимдерди бөлүштү.

Көрүлгөн чараларга караганда 250 миллиард лира кредит көлөмү түзүлүп, фирмалардын накталай акча кыйынчылыгы жоюлат. Ишканаларга биринчи 12 ай үчүн кайра төлөнбөй тургандай 3 жылдык мөөнөт менен 50 миң лира кредит берилет.

500 миңи менчик сектордо болуу менен 600 миң кишини жумуш менен камсыз кылат. Коомчулукка жаңы имарат, машина жана чукул муктаждыктардын тышында кызматкерлерди алуу токтотулат. Менчик фирмалардын чыгымдары түшүрүлөт. Экспорттун арттырылышына карата чаралар көрүлөт.

Социалдык коопсуздук кеңешинин эркин премиум төлөмдөрү 9 ай пайызсыз кечеңдетилет. Коомдук банктар акча чогултууда жарышка кирбейт. Мамлекет келишимдерди мажбур болмоюнча валюта  менен түзбөйт.

 



Тектеш кабарлар