"Евфрат калканы" кыймылында ДЕАШтын 4 террористи өлтүрүлдү

Кыймылдын негизинде террордук уюм ДЕАШка таандык курал жүктөлгөн эки унаа колго түшүрүлдү

618912
"Евфрат калканы" кыймылында ДЕАШтын 4 террористи өлтүрүлдү

Сириянын түндүгүн террордон тазалоо үчүн 24 -  августта Түркиянын жол башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылынын негизинде террордук уюм ДЕАШтын мүчөсү 4 террорист өлтүрүлдү.

Кыймылдын 97 -  күнүндө Эркин Сирия Армиясы Халилийе, Ажами жана Шабвиран айылдарында текшерүүнү колго алды. Кыймылдын негизинде террордук уюм ДЕАШка таандык курал жүктөлгөн эки унаа колго түшүрүлдү.

Аба күчтөрү командирлигине караштуу учактар тарабынан ишке ашырылган аба кыймылында террордук уюм ДЕАшка таандык 4 имарат да жардырылды.

Террордук уюмдар тарабынан колдонулган жана чек ара аймагында коопсуздук кыйынчылыктарды жараткан Сириянын түндүгүндө аткарылган коалиция кыймылына жардам берген түрк куралдуу күчтөрү аймакта жашаган жарандык калктын зыян тартпашы үчүн абдан чоң жоопкерчилик көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар