ФЕТӨчүлөрдүн талаптарына оң жооп берилбеши керек

Фикри Ышык Йенс Столтенберг менен жолугушту.

614813
ФЕТӨчүлөрдүн талаптарына оң жооп берилбеши керек

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык НАТОдо кызмат кылган Фетуллахчы террор уюмунун мүчөлөрүнүн башпаанек талаптарына оң жооп берилбеши керектигин айтты.

Фикри Ышык Стамбулда НАТОнун Парламенттик Ассамблеясынын 62-сессиясына катышкан НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушту.

НАТОдогу ФЕТӨнүн мүчөлөрүнүн батыш өлкөлөрүнөн башпаанек сурагандарына токтолгон министр Ышык, ФЕТӨчүлөргө оң жооп берилишинин Түркия үчүн кабыл алынгыс экенин жана Түркиянын бул темадагы сезимталдыгынын жакшы түшүнүлүшү керектигин айтты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг болсо Түркиянын сезимталдуулугун түшүнүп жатканын белгилеп: «15-июль төңкөрүш аракетинин орчундуулугун Түркия Улуу Улуттук Парламентине барганымда көрдүм жана бул темада Түркияны колдоймун»,- деп айтты.

Сүйлөшүүдө НАТОнун алкагында Түркиянын коргонууга карата кадамдары менен Эгей деңизиндеги баш калкалоочу агымдарына бөгөт коюлушун максаттаган чаралар да каралды.

Столтенберг Эгейде түрк аскерлеринин баш калкалоочуларга карата ийгиликтүү иштерин мактоо менен сөз кылды.



Тектеш кабарлар