Түркия Мусулга жардам колун узатууда

Кызылай жана АФАД аймакка 108 фура менен жардам материалын жиберди

613660
Түркия Мусулга жардам колун узатууда

 Түрк Кызылайы менен апаат жана чукул абалдар башкаруу башкармалыгы АФАД Ирактын Мусул шаарындагы кагылышуулардын айынан үйлөрүнөн качууга мажбур болгондорго жардам колун узатууда.

Кызылай жана АФАД аймакка 108 фура менен жардам материалын жиберди. Жардамдар Эрбил аркылуу Мусулдун тегерегиндеги качкындар лагерлерине таркатат. Түркиядан жолго чыккан фуралар Эрбилге бара жатат.

Акыркы партияда Түрк Кызылайы 30, АФАД 78 фура менен группада орун алды.

Түркиянын жардамдары Эрбил аркылуу Мусул жакындарындагы 5 лагерге таркатат. Мусулдун террордук уюм ДЕАШтан тазаланышы үчүн Ирак армия бөлүктөрү, пешмерге күчтөрү жана көпчүлүгүн Башика лагеринде түрк аскерлери машыктырган Нинова мужахиттеринин 17 -  октябрда баштаткан операциясынан бери аймакка Түркия тарабынан 3 миллион долларлык 50 фура жеткирилген. Түркия акыркы партия менен бирге Иракта 158 фура жардам жиберген болду.



Тектеш кабарлар