Түркия дүйнөдөгү кыйынчылык тарткан кишилердин үмүт шамы болду

Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык : «Бул шамды өчүрбөө үчүн колубуздан келген аракетти көрсөтөбүз»,- деди

613404
Түркия дүйнөдөгү кыйынчылык тарткан кишилердин үмүт шамы болду

Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык : «Бул шамды өчүрбөө үчүн колубуздан келген аракетти көрсөтөбүз»,- деди.

Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык Анадолу агенттигинин кабарчысына берген маалыматта Түрк кызылайынын ушул кезге чейин 150гө жакын өлкөдө иш алып баргандыгын айтты.

Түрк Кызылайынын 6 өлкөдө туруктуу делегациясынын бар экендигин билдирген Кынык бир гана ушул жылдын ичинде Йемен, Сомали, Эфиопия, Жибути жана Газага гуманитардык жардамдар орун алган кемелердин жиберилгендигин баса белгиледи. Керем Кынык : «Дүйнөнүн кай жеринде жардамга муктаж киши бар болсо динине, тилине жана түсүнө карабастан колубуздан келишинче аймакка жардам жеткирүүгө аракет кылуудабыз. Гаитиден Индонезияга, Сомалиден же Пакистанга чейин дүйнөнүн бардык жеринде таанылдык жана билебиз»,- деди.



Тектеш кабарлар