ЕБ биринчи жолу ФЕТӨнүн кылгандарынын чындык экенин кабыл алды

Фетуллах Гүлендин Түркиядагы төңкөрүштү башкарган киши экенине байланыштуу көрсөткүчтөр бар

611767
ЕБ биринчи жолу ФЕТӨнүн кылгандарынын чындык экенин кабыл алды

Европа Биримдиги Комиссиясынын биринчи төрага орун басары Франс Тиммерманс, Фетуллахчы террор уюмунун төңкөрүш аракетинде роль ойногонуна байланыштуу белгилер бар экенин айтты.

Бир журналисттин суроолоруна жооп берген Тиммерманс: «АКШнын Пенсильвания штатында жашап жаткан Фетуллах Гүлендин Түркиядагы төңкөрүштү башкарган киши экенине байланыштуу көрсөткүчтөр бар»,-деди.

Франс Тиммерманс: «Төңкөрүш аракети боюнча сырттан өтө аз эмпатия көргөндөрүн айткан түрктөрдүн бул темадагы тууралыгында шек жок. Колдоо көрсөтүүдө биз дагы да жоомарт боло алат элек»-деп айтты.

Европанын бул төңкөрүш аракетине анча маани бербегенин баяндаган Европа Биримдигинин кызматкери: «Президент Режеп Тайип Эрдогандын ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетиндеги ролуна байланыштуу билдирүүлөрүнүн маанилүү экени эми анык. АКШдагы иликтөөлөрдүн негизинде бул уюмдун төңкөрүш аракетинде роль ойногонуна байланыштуу көбөйгөн белгилер бар»,- деп айтты.

Тиммерманстын билдирүүлөрү аркылуу жогорку даражалуу Европа Биримдигинин жооптуу кызматкери алгач ирет ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетиндеги ролунун чындык экенин кабыл алган болду.



Тектеш кабарлар