Эрдоган Европа Биримдиги сүйлөшүүлөрү үчүн элдик добуш өткөрүүнү сунуштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бештепеде Улуттук талаа долбоору үчүн уюштурулган аземде сөз сүйлөдү.

610573
Эрдоган Европа Биримдиги сүйлөшүүлөрү үчүн элдик добуш өткөрүүнү сунуштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа Биримдиги сүйлөшүүлөрү үчүн элдик добуш өткөрүүнү сунуштады.

Бештепеде Улуттук талаа долбоору үчүн уюштурулган аземде сөз сүйлөгөн Эрдоган, Түркиянын жаңы коопсуздук концептинде мындан ары эч бир террор уюмунун кылган кыймылына толеранттуулук кылынбай турганын айтып: «ПККнын же башка террор уюмунун, көлөмү кандай болсо болсун, эч бир кыймылына кымындай да толеранттуулук көрсөтүлбөйт, тайсалдоо болбойт. Тескерисинче ушундай абал болсо болгон күчүбүз менен террордун төбөсүнө минип, билинген билинбеген канча адамы, колдоочусу, жардамчысы бар болсо бардыгын тең укуктун алкагында акылуу жазага тартабыз»,-деди.

Президент эл аралык аянтта да бул уюмдун аркасында тургандар менен күрөшүүдөн баш тартпай тургандарын белгиледи.

Президент Эрдоган террор менен күрөшүү темасында: «Кол салууларга ушундай жоопту берип сестентебиз, ушундай ниетти ойлоп да койбогудай кылабыз»,-деди.

Эрдоган Европа Парламентинин төрагасы Мартин Шульцтун өлүм жазасын кайра алып келген учурунда Түркияга санкция киргизиле турганы жөнүндөгү ачыктоолоруна да каршылык көрсөтүп: «Кеч да калдыңыз»,-деди.

Европа Биримдиги сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу элдик добуш өткөрүүнү сунуштаган президент Эрдоган, сөзүнүн акырында залда орун алган өкмөт башчы Бинали Йылдырымга бурулуп: «Премьер-министр бул жерде. Министрлер бул жерде. Мен да президент катары жылдын акырына чейин чыдап туралык, андан кийин элге кайрылалы деймин»,-деди.



Тектеш кабарлар