Трамп мусулмандарга тийишпей турган болду

Исламофобик сөздөрү менен мусулмандардын каршы чыгуусун тарткан Трамптын алгачкы айткан сөзү болсо «Ак үйгө барганда иш өзгөрөт» болду.

608165
Трамп мусулмандарга тийишпей турган болду

Америка Кошмо Штаттарында эми жаңы президенти Дональд Трамптын шайлоодо убада бергени сыяктуу түптүү өзгөртүү жасап жасабай турганына байкоо салып жатышат...

Исламофобик сөздөрү менен мусулмандардын каршы чыгуусун тарткан Трамптын алгачкы айткан сөзү болсо «Ак үйгө барганда иш өзгөрөт» деген сереп салуусу болуп, анын кыймылы бул айткандарын ырастагансыйт.

Трамптын «https://www.donaldjtrump.com» адресиндеги барагында 2015-жылы 7-декабрда сүйлөгөн сөзү жана «Мусулмандардын АКШга кирүүсүнө тыюу салынышы керектиги» жөнүндөгү сөздөрү эми жок.

Бул ачыктоосу орун алган шилтемени баскан интернет колдонуучулары башка бир баракка багыттандырылышууда.

Багытталган баракта болсо Трамптын кампаниясына кантип кайрымдуулук кылынса боло турганы жөнүндөгү маалыматтар орун алган.

Англиянын «Индепендент» гезитинин кабарына караганда Трамптын «Мусулмандарга кирүүгө тыюу салуу» ачыктоосу орун алган барак, президенттик шайлоолор өткөрүлгөн 8-ноябрь таңында жетилсе болгудай абалда эле.

Бул баракка киргиси келген колдонуучулардын эми багыттандырылган «кайрымдуулк барагы» болсо 8-ноябрь түнү баракка кошулду.

Трамп кампаниялары убагында бир канча жолу мусулмандарды бутага алган ачыктоолорду жасаган.

Франциянын борбор шаары Парижде 2015-жылы ноябрь айында уюштурулган кол салуулардан кийин мусулмандардын АКШга кирбөөсү керектигин айтып, каршы чыккан, бирок андан соң бул сөздөрүнүн «жалгыз эле сунуш» болгонун белгилеп артка кайтарып алган Трамп, андан соң АКШдагы мусулмандардын террор менен күрөшүүнүн алкагында белгиленишин «олуттуу түрдө» ойлонуулары керектигин айткан.

Трамп өлкөдөгү айрым мечиттерди да жаптыра турганын көп жолу айткан эле.

Бул айткандарынын себебинен АКШнын эң чоң Мусулман жарандык укуктар уюму болгон Американын Ислам карым-катнаштары кеңешинин (CAIR) кечээ Трамптын жеңишинен кийинки жарыясында, «Жаңы президенттин мусулмандар менен кошо бардык америкалыктардын укуктарына урмат-сый көрсөтүшү» талап кылынды.



Тектеш кабарлар