Чавушоглу Могерини менен сүйлөштү

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Ташкентте жүргөн

591833
Чавушоглу Могерини менен сүйлөштү

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү жана Европа Биримдиги комиссиясынын төрага орун басары Федерика Могерини менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 43-жыйынынан улам Өзбекстандын Ташкент шаарына барган Чавушоглунун телефон сүйлөшүүсү Могеринин талабы боюнча өткөрүлдү.

Сүйлөшүүдө Швейцариянын Лозанна шаарында ишемби күнү өткөрүлгөн жыйын жана гуманитардык жардамдардын камсыздалуусу менен катар Сириядагы акыркы кырдаал каралды.



Тектеш кабарлар