Башкы штаб төрагасы АКШда

Түркиянын Башкы штабынын төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, АКШнын башкы штаб төрагасы, генерал Данфорд менен жолукту.

590991
Башкы штаб төрагасы АКШда

Террор уюму ДЕАШ менен күрөшкөн коалиция өлкөлөрүнүн башкы штаб төрагаларынын жыйналышы үчүн Вашингтонго барган башкы штабдын төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, АКШнын башкы штаб төрагасы, генерал Данфорд менен жолукту.

Түркиянын Вашингтондогу элчилигинин резиденциясында армия генералы Акарга жолукканы келген Данфорд менен Акардын ортосундагы сүйлөшүү 2 саатка созулду.

Башкы штаб төрагалыгынан эки өлкөнүн башкы штаб төрагаларынын жолугушуусунда Сирия жана Иракта уланган кыймылдар темасында маалымат жана пикир алмашуулар болгону жарыяланды.

Анда Иракта кыска мөөнөттүн ичинде башталышы пландалган Мосул операциясынын да каралганы белгиленип, «Жолугушууда Мосул кыймылы да күн тартипке келип, Мосул кыймылында жарандардын зыянга учурабоосу боюнча тема атайын баса белгиленди»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар