Стамбулдагы жардырууну аткарган террорист кармалды

Жарылууда жараланган 10 кишинин бешөөсү  дарылангандан кийин ооруканадан чыкты

584831
Стамбулдагы жардырууну аткарган террорист кармалды

Стамбулдун Бахчелиевлер районундагы 75 – жыл полиция борборуна жакын жерде болгон жана 10 киши жараланган бомбалуу кол салууну аткарган жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү бир киши Аксарайда кармалды.

Стамбул башкаруучусу Васип Шахин жарылуунун бомбалуу бир мотоцикл менен жасалагндыгын айткан. Полиция кол салууда колдонулган мотоциклдын номеринин ээси тууралуу маалыматтарды тапты. Күбөлүгү белгиленген кишинин террордук уюм ПКК мүчөсү экендиги аныкталды. Шектүү кишинин террордук уюмдун Сирия же Ирактагы лагерлерине баруу үчүн жарандык бир унаа менен Стамбулдан чыккандыгы билдирилди.

ПКК терроистти жасалма күбөлүк менен качууга аракет кылып, жанындагы 2 киши менен бирге Аксарайда кармалып, Стамбулга алып келинди. Стамбулда да жарылуу менен байланышы бар экендиги айтылган 3 киши камоого алынды. Ошол эле учурда жарылууда жараланган 10 кишинин бешөөсү  дарылангандан кийин ооруканадан чыкты.



Тектеш кабарлар