Тышкы иштер министри Цивилизациялар биримдигинин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Европа өлкөлөрүндө чет элдик душмандыгы жана расизимдин санааркатуучу өлчөмгө жеткендигин айтты

576156
Тышкы иштер министри Цивилизациялар биримдигинин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Европа өлкөлөрүндө чет элдик душмандыгы жана расизимдин санааркатуучу өлчөмгө жеткендигин айтты.

БУУнун сессиясына катышуу үчүн  Нью – Йоркко барган тышкы иштер министри Чавушоглу Цивилизациялар биримдигинин достор тобунун министрлер жыйынына катышты. Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Батыш Европа өлкөлөрүндө мусулмандарга жана башка азчылыктарга карата кол салуулардын күч алуу менен арткандыгын белгилеп, өткөн жылы Европа жана Түндүк Америкада түрктөргө каршы 108 нацистик кол салуу болгондугун айтты.

Террористтер жана радикал элементтердин коомдогу уюлдашууну колдонгондугун айткан Чавушоглу : «Кол салуулар бир гана коопсуздугубузга карата эмес, түрдүүлүгүбүзгө, негизги нарк – насилибизге, адамзаттыгыбызга карата болуп жатат»,- деди.

«Террористтердин каалаганы да мусулмандардын качкындардын коомдон четке кагылышы»,- деген Чавушоглу тар көз караштагы жана нацисситик саясатчылардын мамилесинин террордук топтордун ишине жарагандыгын баса белгиледи.

Билим берүүнүн маанисине токтолгон Чавушоглу жаш муундарга оптимисттик, бир бирине карата урмат – сыйдын сабак катары окутулушун сунуш кылды.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да 10 жылдык кызматында Цивилизациялар биримдигин колдоо үчүн колунан келгенди аткаргандыгын айтты. Пан Ги Мун Цивилизациялар биримдигинин көпүрө куруу тууралуу маанилүү ролду алгандыгын да белгиледи.

 



Тектеш кабарлар