Өлкөлөр финансылык жардамды арттыруу убадасын беришти

БУУнун саммитинен бир күндөн кийин болгон саммитке президент Р. Т. Эрдоган да катышты

574358
Өлкөлөр финансылык жардамды арттыруу убадасын беришти

АКШнын президенди Барак Обама өткөргөн качкындар саммитинде 50гө жакын өлкө 360 миң качкынды алуу убадасын берди.

Өлкөлөр финансылык жардамды арттыруу убадасын беришти.

БУУнун саммитинен бир күндөн кийин болгон саммитке президент Р. Т. Эрдоган да катышты. Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын качкындар тууралуу аткаргандарынан сөз кылды жана Европа Биримдигин 18 -мартта түзүлгөн келишимдин негизинде Түркияга берген убадаларын аткарбоо менен күнөөлөдү.

Эрдоган : «Сирия кризисинин башынан бери жалгыз калтырылган Түркия дагы бир жолу жалгыз калып жатат. Биз бул меселени чечебиз. Бирок Европа Биримдиги башта болуу менен эл аралык коомчулук негизги адамзаттык кризисте ортого койгон мамилесинин эсебин түбөлүккө бере албайт»,- деди.

«Бөбөктөр, аялдар, жарандар өлтүрүлгөн дүйнөдө эч ким күнөөсүз кала албайт. Ансыз да кеч калган бул кризистерди токтотуу үчүн дароо жана чечкиндүү аракетке өтүүбүз керек»,- деди президент.

Президент адилеттүү түрдө жүктөрдү бөлүшпөсөк качкындар маселесинин чечилиши тууралуу максатка жетүүнүн мүмкүн эмес экендигин белгиледи.

АКШнын президенти Барак Обама да качкын болгон 65 миллион кишинин маанилүү бир бөлүгүнүн 10 өлкөдө экендигин белгилеп, булардын эң башында Түркиянын тургандыгын айтты.

Өлкөлөрдү чек арасын качкындарга ачууга чакырган Обама бул кишилер барган өлкөлөргө салымдарын кошо аларын баса белгиледи.

Обама өзгөчө мусулман качкындарды артка кайтаруунун террористтерди күчтөндүрөрүн айтты.

Барак Обама америкалык 50 фирманын качкындарды жумуш менен камсыз кылуу, билим жана башка тармактарда жардам берүү үчүн 650 миллион доллардан ашуун инвестиция салуу убадасын бергендиги да билдирди.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да : «Эч бир өлкө бул чоң маселени жалгыз өзү чече албайт. Бирдикте кыймыл кылуу керек»,- деди.



Тектеш кабарлар