Карста бир аскер шейит болду
ПКК мүчөсү террористтердин ортосунда чыккан кагылышууда бир аскер шейит болду
574095
Карста коопсуздук күчтөрү менен жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү террористтердин ортосунда чыккан кагылышууда бир аскер шейит болду.
Кагызман району Чешме – Мадур аймагы элетинде террордук уюм ПККга операция жүргүзгөн коопсуздук күчтөрү менен террористтердин ортосунда катуу кагылышуу чыкты.
Чыккан кагылышууда бир аскер шейит болуп, төрт террорист өлтүрүлдү. Аймакта башталган операцияда жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү болгон жерлерге ок атылып жана көп сандаган турмуштук материалдар жардырылды.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.