Жераблус толугу менен Эркин Сирия армиясына өттү

Райондо ДЕАШ террористтери көмгөн бомбалуу тузактар жок кылынууда.

558961
Жераблус толугу менен Эркин Сирия армиясына өттү

Түрк куралдуу күчтөрүнүн бириккен атайын күчтөрү жана коалициялык аба күчтөрү тарабынан Сириянын Жераблус аймагында террор уюму ДЕАШка каршы башталган «Эвфрат калканы» операциясында Эркин Сирия армиясы райондун көзөмөлүн колго алды.

Сириянын Түркия чек арасындагы Жераблус, террор уюму ДЕАШтан тазаланып террористтер түштүктү көздөй кубаланды.

Операцияда Америка Кошмо Штаттарынын башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалиция да абадан бомбалоо менен колдоо көрсөттү.

Американын коргоо министрлиги ДЕАШка карай башталган «Эвфрат калканы» операциясына абадан кол салып колдоо көрсөткөндөрүн жарыялады.

Кыймыл убагында  Эркин Сирия армиясынын 1 мүчөсү каза болду.

Рейтерске маалымат берген Эл-Нусрага жакын оппозициячылдар ДЕАШ террористтеринин көбүнүн Жераблустан качканын айрымдарынын багынып бергенин билдирди.

Райондо ДЕАШ террористтери көмгөн бомбалуу тузактар жок кылынууда.

Бул учурда толугу менен жергиликтүү чыгарылыш болгон учкучсуз учуучу унаа «Байрактар ТВ2» да Жераблус операциясында колдонулду.

Байрактар ТВ2нин Жераблус операциясы үчүн бир канча күндөн бери колдонулуп жатканы белгиленди.

Бириккен Улуттар Уюму да Түркиянын операциясына колдоо көрсөттү.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын өкүлү Стефен Дужаррик да «Эвфрат калканы» операциясына байланыштуу жарыясында, Сирияда ДЕАШ жана башка террордук уюмдар менен күрөшүүнүн эл аралык коомчулуктун алдыңкы планы болгонун баса белгиледи.

Дужаррик БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун ДЕАШтын Түркияга карай кол салууларын айыптаганын да билдирди.



Тектеш кабарлар