БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газиантептеги кол салууну айыптады

Айыптоо текстинде ПККнын аты орун алган жок

557484
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газиантептеги кол салууну айыптады

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газиантептеги жана террордук уюм ПККнын өткөн жумада кээ бир шаарларда полиция борборлорун бутага алган кол салууларын айыптады.

Кеңеште бардык мүчөлөрүн бекитүүсү менен кабыл алынган пресс маалыматта Газиантептеги бир тойго жасаган кол салуунун абдан катуу айыпталгандыгы билдирилди. Бирок  текстте террордук уюм ПККнын атына орун берилген жок. Маалыматта өткөн жумада Түркиянын кээ бир шаарларында жасалган кол салууларда каза болгондордун жакындары менен түрк калкына жана өкмөткө көңүл айтылган билдирүүдө терроризмдин бардык түрүнүн эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн эң чоң коркунуч экендиги айтылды. Маалыматта кол салуулардын жооптууларынын сот алдына чыгарылышынын мааниси да белгиленип, бардык мүчөлөр менен бул тууралуу түрк өкмөтү менен кызматташтык түзүүгө чакырылды.



Тектеш кабарлар