Диярбакыр менен Мардинде аскерлер шейит болду

Кол салуулардан кийин террористтердин кармалуусу үчүн аймакта башталган абадан операциялар улантылууда

549659
Диярбакыр менен Мардинде аскерлер шейит болду

Диярбакырдын Сур району менен Мардиндин Кызылтепе районунда жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү террористтер тарабынан бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган кол салууда бир полиция шейит болуп жети жаран каза болду.

Диярбакырдын Сур районундагы тарыхый Он Гөзлү Көпрү жакындарында полициянын сервис унаасы өтүп бара жатканда жикчил террордук уюм ПКК террористтери тарабынан бомбалу кол салуу жасалды.

Кол салууда экөөсү бала болгон беш жаран каза болуп, он эки киши да жараланды.

Мардиндин Кызылтепе районунда болсо полиция унаасы өтүп бара жатканда жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү террористтер тарабынан жол жээгине токтотулган бомба жайгаштырылган унаа жардырылды.

Окуяда эки жаран каза болуп, бир полиция шейит болду, беши полиция болгон отуз киши да жараланды.

Жардыруунун таасири менен тегеректеги көп сандаган үй жана иш жеринин зыян тарткандыгы билдирилди. Кол салуулардан кийин террористтердин кармалуусу үчүн аймакта башталган абадан операциялар улантылууда.



Тектеш кабарлар