Митингдеги кайрылуулар башталды

Митингде алгачкы сөз сүйлөөнү Улуттук кыймыл партиясынын жетекичиси Девлет Бахчели жасады.

546953
Митингдеги кайрылуулар башталды

Стамбулдагы демократия жана шейиттер митинги тарыхый көрүнүштөргө күбө болуу менен башталды.

Эртең менен эрте эле Йеникапы аянтына чубаган миллиондогон кишинин кубанычы, президент Режеп Таййип Эрдогандын келиши менен туу чокуга чыкты.

Премьер-министр жана адилет жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Бинали Йылдырым, Жумуруият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу жана Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчелинин аянтка чогулгандарды чогуу салам берүүсү, миллионлдогон атуулдардын биримдик сезимин ойготту.

Шейиттер үчүн 1 мүнөттүк таазим кылуу болуп Боштондук гимнинин ойнолушунан кийин Дин иштери боюнча төрага Мехмет Гөрмез, 15-июлдагы мыкаачылык козголоң түнүндө шейит болгон 239 атуул үчүн аянттарга чогулгандар менен бирге дуба кылды.

Митингде алгачкы сөз сүйлөөнү Улуттук кыймыл партиясынын жетекичиси Девлет Бахчели жасады.

«15-июлда жаңы тирилиштин сүйүнчүсүн бердиңиз» деген Бахчели, Түркиянын даңазаланышын, тагдырын коргоп чыгышын сыймыктануу менен байкагынан сөз кылды.

15-июлдун жаңы баскынчы сыноосу болгонун баса белгилеген Девлет Бахчели, «Зулумдар, империализмдин кошматчылары бул жолу түрк аскерлеринин кейпин кийип алышты. Аалым жана кожо көрүнүшүндөгү бир террорист кылмышкер уюмуна Түркияны кыйратуу буйругун берди»,-деп айтты.

Ошол күнү танкалардын алдына улуттук абийир жатканын баса белгилеген Улуттук кыймыл партиясынын лидери, түрк улутунун ошол түнү окторду көздөй гүл бакчасына кирген сыяктуу басканын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар