Бул жылкы Евровидение конкурсунун жеңүүчүсү Жамаладан колдоо

Жамала Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн козголоң кыймылына карата фейсбук эсебинен түркчө билдирүү берди

545088
Бул жылкы Евровидение конкурсунун жеңүүчүсү Жамаладан колдоо
eurovision birinci jamala'dan destek1.jpg

Евровидение ыр конкурсунда «1944» аттуу ыры менен биринчиликти алган Крым татар ырчысы Жамала түрк тектүү Крым татары катары  түрк калкынын 15 -  июлдагы козголоң кыймылында жаш – кары дебестен көчөлөргө чыгуусунан сыймыктангандыгын айтты.

Жамала Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн козголоң кыймылына карата фейсбук эсебинен түркчө билдирүү берди.

Түркияда 15 -  июль күнү кечинде козголоң кыймылынан өзүнүн терең таасирленгендигин белгилеген Жамала Стамбул жана Анкарада болгон окуяларды  таңга чейин көрүп отуруп ишене албагандыгын айтты. Ошол учурда дуа кылгандыгын айткан Жамала түрк калкынын жанында экендигин музыкасы менен көрсөтүү үчүн 17 -  августта Стамбулда концерт берерин айтты.

Жамала сезимдерин бул сүйлөмдөр менен билдирди: «Түркияда эртерээк бардык нерсенин калыбына келүүсүн каалаймын. Түркия сени сүйөм. Мени күткүлө».

Швециянын  борбор шаары Стокгольмда бул жылы 61 -  өткөрүлгөн Евровидение ыр конкурсунда Крым тартарларынын сүргүнгө айдалышы жана  чоң энесинин башынан өткөргөн трагедияны тема кылып алган «1944» аттуу ыры менен крымдык татар ырчы Жамала Украинанын атынан катышкан. Конкурстун финалында жамала 534 балл менен биринчи болгон.



Тектеш кабарлар