Бахчели "Демократия жана шейиттер" митингине катышат

Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели Стамбулда  7-августта боло турган “Демократия жана шейиттер” митингине катышат.

544873
Бахчели "Демократия жана шейиттер" митингине катышат
bahçeli miting davet kabul1.jpg

Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели социалдык тармактагы баракчасында берген билдирүүсүндө Стамбулда  7-августта боло турган “Демократия жана шейиттер” митингине катыша тургандыгын жазган.

Бахчели твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө митингде 79 млн. түрк атуулдарынын, катышуучулардын, 15-июлдан бери түрк элинин демократия нөөмөтүндө тургандыгын белгилеген Бахчели: “Элдик эрк демократия нөөмөтүндө турууну Йеникапыда аяктайт. Бул аракет доско ишеним берип, душманды сестентет,” – деди.

Девлет Бахчелинин твиттердеги бул билдирүүсүн  президент Режеп Таййип Эрдоган да өзүнүн интернет баракчасына катталгандар менен бөлүштү. Интернет айдыңында башка саясий лидердин билдирүүсү менен  Эрдоган алгачкы ирет бөлүшкөн болду.

Өлкө башчысынын артынан эле премьер-министр Бинали Йылдырым да Бахчелинин митингге байланыштуу твиттердеги жарыясы менен өзүнүн социалдык тармактагы окурмандары менен бөлүштү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган 7-августта Стамбулдун Йеникапы аянтында боло турган “Демократия жана шейиттер” митингине Жумурият элдик партиясынын лидери  Кемаль Кылычдароглу менен Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчелини чакырган эле.

Кылычдароглу Йеникапыдагы митингге өзү катыша албай тургандыгын бирок өкүлү жөнөтүлөрүн билдирген.

 



Тектеш кабарлар