Түркия Парламентинин комиссиясы АКШда

ФЕТӨнүн корбашчысы Фетхуллах Гүлендин түрк сотуна өткөрүлүп берилиши керектиги талкууланат.

543097
Түркия Парламентинин комиссиясы АКШда
tbmm komisyon abd1.jpg

ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинен кийин Түркиянын АКШга болгон алгачкы орчундуу сапары ишке ашууда.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын тышкы иштер комиссия мүчөлөрүнөн куралган комитет ФЕТӨнүн төңкөрүш аракети жана андан  кийинки абалдарды талкуулаш үчүн АКШнын борбору Вашингтонго жол алышты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын тышкы иштер боюнча комиссия жетекчиси жана Ак партиянын Малатиядагы эл өкүлү Таха Өзхан, Ак партиянын Кахраманмараштагы эл өкүлү Махир Үнал, Жумурият калк партиясынын Стамбулдагы эл өкүлү Огуз Каан Салыжы, Улуттук кыймыл партиясынын Эрзурумдагы эл өкүлү Камил Айдындан түзүлгөн комиссия АКШ бийлик өкүлдөрү, ой-пикир мекемелери жана чет элдик басма сөз өкүлдөрү  менен жолугушушту.

Комиссия алгач Түркиянын АКШдагы элчилигинин маалымат берүү жыйынына катышып, андан соң АКШнын адилет министринин орун басары Брюс Свортз менен жолугушту.

Ошол эле убакта комиссиянын мүчөлөрү чет элдик басма сөз каражаттарына маек берүүгө жетишишти.

Жүргүзүлгөн дипломатиялык байланыштарда төңкөрүш аракети жана андан  кийинки абалдар менен ФЕТӨнүн корбашчысы Фетхуллах Гүлендин түрк сотуна өткөрүлүп берилиши керектиги талкууланды.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд менен кезиге турган комиссия Атлантика кеңеши жана Эл аралык изилдөөлөр борборунун өкүлдөрү менен да жолугушат.

Аталган комиссиянын АКШдагы сүйлөшүүлөрү Вашингтон жана Нью Йоркто 8-августка чейин жүрмөкчү.



Тектеш кабарлар