88 кишинин министрлик менен байланышы үзүлдү

Чавушоглу ФЕТӨ териштирүүсүнөн улам Түркиянын Казан башкы консулдугундагы бир кызматкердин Японияга качып кеткендигин айтты

539670
88 кишинин министрлик менен байланышы үзүлдү

 Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу кызматынан алынган 2 элчи болуу менен борбордогу 88 кишинин министрлик менен байланышынын үзүлгөндүгүн айтты. Мевлют Чавушоглу Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекет түзүмүнүн 15 – июлда козголоң кыймылы болгон түнү бомбаланган жана 50 шейит берген Гөлбашы атайын кыймыл мекемесине жасаган зыяратында берген маалыматында бул саткындардын мамлекеттин системасына кирбеши керектигин баса белгиледи.

Коопсуздук жана тийиштүү мекемелерден алган маалыматтардын негизинде Фетуллахчы террордук уюм менен күрөшүүнүн алкагында ишин улантып жаткандарын белгилеген Чавушоглу : «Биз бардык кадамдарды тыкандык менен таштап жатабыз. Комиссия түздүк. Бул иштерди улантуудабыз. Алдыбыздагы күндөрдө министрликте дагы бир топ кишинин байланышы үзүлөт»,- деди.

Министрликтеги кээ бир ФЕТӨ мүчөлөрүнүн өлкө тышына качууга аракет кылгандыгын айткан министр Чавушоглу ФЕТӨ териштирүүсүнөн улам Түркиянын Казан башкы консулдугундагы бир кызматкердин Японияга качып кеткендигин айтты.

Чавушоглу Фетуллахчы террордук уюмунун эмне себептен коркунучтуу уюм экендигин бардык өлкөлөргө түшүндүрүшкөндөрүн жана түшүндүрүүнү улантышарын да белгиледи.



Тектеш кабарлар