Президент Р. Т. Эрдоганга эл аралык колдоолор келүүдө

Ирак депутаттар парламентинин төрагасы Селим Ел – Жубури Түркияда саясий партиялардын козголоң кыймылына бирдикте каршы турушу Ирак саясаты үчүн дем бергендигин баса белгиледи

537842
Президент Р. Т. Эрдоганга эл аралык колдоолор келүүдө

Ирак өкмөтү Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмү ФЕТӨ/ ПДЙнин 15 -  июлдагы козголоң кыймылына каршы турушунан улам түрк өкмөтү жана калкын куттуктады.

Түркиянын Багдат элчиси Фарук Каймакчы Ирактын премьер – министри Хайдар ел Ибади, Ирак депутаттар парламентинин төрагасы Селим ел  -  Жубури жана Ирак депутаттар парламентинин тышкы карым – катнаштар комитетинин төрагасы Хасан Сиверид менен ар башка жолугушту.

Каймакчы ФЕТӨ кыймылдарына каршы эскерткен Ирак мекемелеринен ушул жагдайда керектүү чараларды көрүү талабын кайталады. Ирактык жетекчилер да козголоң кыймылына каршы Түркияны колдошкондорун билдиришти.

Ирак депутаттар парламентинин төрагасы Селим Ел – Жубури Түркияда саясий партиялардын козголоң кыймылына бирдикте каршы турушу Ирак саясаты үчүн дем бергендигин баса белгиледи. Кыргызстандагы Ахыска түрк коомдору да Кант шаарында сокку кыймылы учурунда каза болгон демократия шейиттерин эскерди.

Ахыска түрк коомдорунун төрагасы Решат Шамило Түркиядагы козголоң кыймылын катуу айыптап, Ахыска түрктөрүнүн бул кол салууга каршы Түркиянын жанында экендерин билдирди. Түркиянын Бишкектеги элчиси Метин Кылыч да сөзүндө козголоң кыймылы болгон түндөн баштап Кыргызстандагы ахыскалык түрктөрдөн күчтүү колдоо алышкандарын айтты.

Македониянын борбору Скопияда да ишкана ээлери Түркияда болгон козголоң кыймылын айыптап, дагы бир жолу президент Р. Т. Эрдоганга болгон колдоосун билдирди.

АКШнын Хьюстон шаарында жашаган түрктөр да ФЕТӨ жана Ньюстондогу кыймылдарына каршы акция уюштурушту. Бир тараптан Түркиянын Маями башкы консулу Өзгүр Кыванч Алтандын «Miami Herald» гезитинде  «Түркия демократиясын коргойт» деген темада макала жарыяланды.

ФЕТӨнун козголоң кыймылынын кандайча ишке ашкандыгы жана түрк калкынын жапа тырмак кандай күрөшкөндүгүн баяндаган Алтан козголоң  кыймылына каршы Түркиянын укуктун алкагында бардык чараларды күчтүү түрдө көрүп жаткандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар