Президент спортчулар менен өнөрпоздорду кабыл алды

Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү

535598
Президент спортчулар менен өнөрпоздорду кабыл алды

Президент Р. Т. Эрдоган да кээ бир өнөрпоз жана спортчуларды президенттик комплексинде кабыл алды. Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

Жолугушууга Түркия футболдук федерациясынын төрагасы Йылдырым Демирөрен, Клубдар биримдиги фондунун төрагасы Гөксел Гүмүшдаг, Түркия футбол директору Фатих Терим, мурунку улуттук футболчу Рыдван Дилмен, улуттук футболчу Арда Туран да катышты.

Президент менен жолугушууга өнөпоздордон Хакан Урал, Мурат Йылдырым, Феттах Жан, Хадисе менен Ажун Ылыжалы жана Эсат Йонтунч да катышты. Жолугушууга катышкан өнөрпоз жана спортчулар 15 -  июлдагы козголоң кыймылына каршы президент Эрдогандын жана демократиянын жанында экендерин билдиришти. Президент да колдоолорунан улам рахмат айтты. Эрдоган конокторуна «Глобалдык тынчтык көз карашы» аттуу китебин белек кылды.

 



Тектеш кабарлар