Козголоңчу аскерлер Афинада

Грецияга качкан 8 аскер Афинада  шаардан алыс бир абакка жиберилди

535731
Козголоңчу аскерлер Афинада

Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылына катышкандан кийин Грецияга качкан 8 аскер Афинада  шаардан алыс бир абакка жиберилди. Аскерлер 2004 -  Афина олимпиадаларында спортчуларды тосуп алган жана ушул кезге чейин полициянын борбору катары колдонулган Олимпиада айылында кармалышат.

Козголоңчу аскерлер 10 кишилик эки бөлмөгө жайгаштырылды. Борбордун тандалуусунун себеби коопсуздугу жана турмуштук шарттарынын дагы жакшы болушу...

Кечээ түшкү сааттарда Каваладан Афинага алып барылган 8 аскер шаршемби күнү боло турган баш калкалоо комиссиясынын сүйлөшүүлөрүнө чейин бул жердер кармалат. Андан мурунку күнү Дедеагач сотунда аскерлер өлкөгө мыйзам тышы жолдор менен кирди деген негиз менен эки айлык кабак жазасы берилген болчу. Үч жыл айып менен сыноо жазасы аскерлер бул убакыттын ичинде кандайдыр бир кылмышка кирбесе берилбейт.

Бирок аскерлердин камоосу баш калкалоо талаптары жыйынтыкталганга чейин административдик чечимдин негизинде улантылат.

Түркия тапшырылышын талап кылган козголоңчулардын Грецияга баш калкалоо кайрылуусуна үч жуманын ичинде чечим чыгуусу күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар