Ибрахим Калын батыш медиасын сынга алды

Ибрахим Калын козголоң кыймылы тууралуу батыш медиасында орун алган кабарларды сынга алды.

534113
Ибрахим Калын батыш медиасын сынга алды

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын козголоң ийгиликтүү болгондо батыш медиасынын кудум Египетте болгондой козголоңду колдой тургандыгын айтты. Ибрахим Калын козголоң кыймылы тууралуу батыш медиасында орун алган кабарларды сынга алды.

Калын социалдык медиа аркылуу берген маалыматында батыш медиасынын алдыңкы мекемелеринин түрк калкына жана президентке карата акаараттарындын абдан жаман сөздөрдү камтыгандыгын айтты. Калын  ал түнү козголоң кыймылы токтотулган учурда да  чет элдик телекөрсөтүүлөрдө «Түркияда козголоң» деген титрлардын жазылгандыгын баса белгиледи.  СНН жана БиБиСи сыяктуу каналдардын туура маалымат алуу, келген кабарларды аныктоо сыяктуу кабарчылыктын негизги эрежелерин бузгандыгын баса белгилеген Ибрахим Калын бул каналдардын : «Түркияда аскер бийликти алды» деген темалар менен Түркияда болуп жаткандарды манипуляция  кылгандыгын айтты. Калын : «Козголоң ийгиликтүү болгондо Египеттеги сыяктуу баары колдомок. Сиздер бул улутту тааныбайсыздар, бирок алар сиздерди тааныйт»,- деди.

Калын Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдттин : «Европа Биримдиги талапкери болгон Түркияда козголоңду колдообуз мүмкүн эмес»,- деген маалыматына да : «Урматтуу Билдт сиздин мамилеңизди билебиз. Бирок мындай темалар бир гана соккунун максатына кызмат кылат»,- деп жооп берди.



Тектеш кабарлар