Жогорку окуу жайлар кеңешинин кайрылуусу

Академиялык жамааттын бул түзүлүштөн толугу менен тазалынышы үчүн таштала турган жаңы кадамдар каралды.

532088
Жогорку окуу жайлар кеңешинин кайрылуусу

Мамлекеттик жана фонд университеттеринин ректорлолру, Жогорку билим берүү мекемесинин (YÖK)төрагасы, проф.др.Мехметали Йекта Сарачтын чакырыгы менен чогулду.

ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракети талкууланган жыйналышта, параллель мамлекеттик түзүлүшкө байланыштуу жогорку билим берүү мекемелеринде ушул убакка дейре көрүлгөн чаралар жана токтомдор каралды.

Академиялык жамааттын бул түзүлүштөн толугу менен тазалынышы үчүн таштала турган жаңы кадамдар да талкууланган темалардын арасында орун алды.

Жогорку билим берүүнүн мүчөсү бардык ректорлордун бирдей көз карашы менен жасалган жарыяда болсо: «Мамлекеттин ичиндеги параллель түзүлүштүн, уютулган бул аң-сезимдин академиялык дүйнөдөгү уландыларынын да башкача болушу күтүлбөйт. Эркин жана илимий ой жүгүртүүнүн эң чоң душманы болгон бул түзүлүштүн университеттерди басып алуусуна, өлкөнүн илимий жана технологиялык өнүгүүсүн балталоосуна эч качан уруксат берилбейт»,-деген сөздөр орун алды.

Жогорку окуу жайлар кеңеши, төңкөрүш аракетинен кийин дароо 16-июлдагы жарыясында, «Бардык академиялык жамаатыбыз, улуттун эркин урматтап жана демократияны коргоо жаатында бир муштумдай болушту»-деп айткан.



Тектеш кабарлар