ФЕТӨ террор уюмунун мүчөлөрүнүн мекен деген санаасы жок

Эл Эрдогандан төңкөрүш аракетин кылгандардын өлүм жазасына тартылышы керектигин суранды.

531330
ФЕТӨ террор уюмунун мүчөлөрүнүн мекен деген санаасы жок

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Жыйыны жана президенттик комплексин бомбалаган Фетуллахчы террор уюмунун мекен деген санаасы жок экенин айтты.

Төңкөрүшчүл террористтерге каршы бирдиктүү болуу керектигин белгилеген Эрдоган: «Өлкөбүздү аларга эч качан алдырып койбойбуз»,-деп айтты.

Президент Стамбулдагы турак үйүнүн алдында чогулган жарандарга кайрылды.

Коопсуздук күчтөрүнүн операцияларынын бир топ жерде уланганын белгилеген Эрдоган: Америка бийлигине жасаган ФЕТӨнүн корбашчысынын кайтарылып берилиши чакырыгын да кайталады.

Эрдоган өзүн укканы келген жарандардын 15-июль төңкөрүш аракеттерин кылгандарга өлүм жазасы берилишин талап кылгандарга болсо, «Бул темада сөзсүз бир чечим чыгарылат. Бул талабыңызды өкмөт катары да мамлекет катары да билебиз, угуудабыз. Сиздин талабыңызды биз жокко чыгарбайбыз. Демократияда эл эмне десе ошол болот. Бул теманы өкмөтүбүз башкы оппозициядагы партиялар менен сүйлөшүп сөзсүз бир чечим чыгарат деп ойлом»,-деп жооп берди.

Атуулдардан аянттардан кетпөөлөрүн талап кылган Президент, көчөлөрдүн бош калтырылбоосун талап кылды.



Тектеш кабарлар