Түркия парламенти жыйналды

Жыйын төрт партиянын лидерлеринин сөз сүйлөөсү менен улантылды

530782
Түркия парламенти жыйналды

Түркия парламентинин спикери Исмаил Кахраман шейиттер үчүн  бир минуталык эскерүү жана гимндин аткарылуусунан кийин  калган 8 куплетти жатка окуду. Андан кийин башкы штабга кайрылган Кахраман : «Кечээ кечтен бери  абдан кыйын сааттарды жашадык»,- деп сөзүн баштады. Улуттун биримдикти улантуусу керектигин белгилеген Исмаил Кахраман бул кыйынчылыкты жашаткандардын ылайык болгон жазага тартыларын баса белгилеп : «Бул да террорчулук. Козголоң  ийгиликтүү болбоду. Мамлекет  бул окуянын жооптууларынын ички жана тышкы уландыларынын ортого чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Муну укук жолу менен жасайт»,- деп айтты.

Кезексиз отурум Түркия парламентинде фракциясы болгон төрт партиянын лидерлери - Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Бинали Йылдырым, Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу, Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели жана Элдердин демокртиясы партиясынын фракция жетекчисинин өкүлү Идрис Балукенин сөз сүйлөөсү менен улантылды.

Биринчи сөздү сүйлөгөн премьер – министр жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Бинали Йылдырым сөзүндө демократияга ээ чыккан түрк калкына рахмат айтты. Йылдырымдан кийин сөз сүйлөгөн Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу  болгондорду «калктын козголоңго каршы туруу укугун колдонуусу» деп мүнөздөдү. Демократияга  карата жасалган бул кол салууну наалаттаганын билдирген Кылычдароглу : «Бул парламент демократияны акырына чейин жактайт»,- деди.

Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели  96 жылдык Түркия парламентинин бомбалануусун коркунучтуу деп мүнөздөдү. «Бул  козголоң караңгы сокку кыймылы. Өлкөбүздү хаоско жетелөөнү максат кылышкан»,- деди Бахчели.

Бахчелиден кийин  сөз алган Элдердин демократиясы партиясынын фракция жетекчиси Идрис Балукен кыймылдын  күчүн жоготуучу күчтүн тынчтык жана демократия экендигин айтты. Кыймылды шартсыз наалатагандыгын билдирген Балукен бардык саясий мекемелердин Түркияга тынчтык жана бейкуттукту алып келүү үчүн өзүнө түшкөн милдетти аткаруусу керектигин айтты.



Тектеш кабарлар