Аскердик козголоң кыймылы чет элдик басма сөздөн да орун алды

Англис басма сөзүндө калктын аянттар менен көчөлөрдө соккуга каршы тургандыгы баса белгиленди

530676
Аскердик козголоң кыймылы чет элдик басма сөздөн да орун алды

Фетуллахчы терродук уюмдун козголоң кыймылы дүйнөлүк басма сөздөн да орун алды.

Англис басма сөзүндө калктын аянттар менен көчөлөрдө соккуга каршы тургандыгы баса белгиленди. «Financial Times» гезити  тууралуу «Козголоң кыймылы Түркияны хаоско жетелеп жатат» деген темада окурмандарына жарыялаган. Аскердик козголоңдун Стамбул менен Анкарада болгондугу, эрте мененки сааттарда тартиптин кайрадан түзүлгөндүгү, аскердик козголоңго каршы элдин көчөлөргө чыккандыгы баса белгиленди. Кабарда айрыкча президент Р. Т. Эрдогандын : «Бул  козголоңчулрга өлкөнү таштабайбыз»,- дегени да билдирилди.

Англиянын расмий басма сөзү БиБиСинин кабарында да эл аралык коомдун абалга каршы чыккандыгы билдирилди. Кабарда АКШнын президенти Барак Обаманын баарын «демократиялык жол менен шайланган өкөмөттү» колдоого чакырганы, НАТОнун болсо Түркиянын демократиялык мекемелерине урмат – сый көрсөткөндүгү билдирилди. БиБиСи айрыкча Анкарада Пиеро Кастеллано аттуу фото кабарчысынын тарткан сүрөттөрүнө орун берди. Кастеллано : «Бул күтүлбөгөн нерсе эле. Кечээ кечкиге чейин аскерлер менен калктын ортосунда күчтүү байланыш болгон. Аскерлер  ок атканда адамдар шок болушту»,- деди.

 



Тектеш кабарлар