Президент Эрдоган чет элдик лидерлер менен сүйлөштү

Сүйлөшүүлөр майрамдык куттуктоо мүнөзүндө өттү

525242
Президент Эрдоган чет элдик лидерлер менен сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган Рамазан майрамынан улам Казакстандын президенти Назарбаев, Ирандын президенти Рухани, Нигериянын мамлекет башчысы Бухари, Индонезиянын мамлекет башчысы Видодо жана Хамас саясий бюросунун төрагасы Мешал менен сүйлөштү. Президенттик булактарынан алынган маалыматка караганда  сүйлөшүүлөр майрамдык куттуктоо мүнөзүндө өттү.

Президент Эрдоган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады жана август айындагы Түркия сапары тууралуу сүйлөштү.

Стамбулдагы террордук кол салууну айыптаган Ирандын президенти Рухани да террор менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыктын маанисин баса белгиледи.

Халид Мешал болсо Гиресунда болгон тик учар кырсыгында каза болгондор үчүн көңүл айтты.



Тектеш кабарлар