Террорго каршы операция

Түрк куралдуу күчтөрү өлкө ичиндеги жана өлкө тышындагы операцияларын улантууда

516527
Террорго каршы операция

Түрк куралдуу күчтөрү жикчил террордук уюм ПККга карата өлкө ичинде жана өлкө тышында кыймылдарын улантууда. Кечээ кечки сааттарда Диярбакырдын Лиже районунун айылына жасалган абадан жүргүзүлгөн операцияда ичинде бир группа ПККлык террорист болгон  баш калкалоочу жер аткыланды.

Түн жарымында болсо Ирактын түндүгүндөгү Синат, Хафтанин жана Метина аймактарына чек ара тышы операциялар жасалды. Операцияларда баш калкалоочу жана текшерүү жерлери экендиги белгиленген 5 бута атыкыланды. Операцияга байланыштуу  чыгымдардын аныктылуу иштери улантылууда.

Бир тараптан Сириянын түндүгүндө Түркияга карата кол салууга даярданып жаткандыгы белгиленген катюша, пулемет жана курал буктурмаларынан турган буталар аткыланды. Операцияга коалиция күчтөрү да жардам берди. Операцияларда алгачкы белгилөөлөргө караганда 8 ДЕАШ террорист да өлтүрүлдү.



Тектеш кабарлар