Кайсеридеги чиркөөдө сыйынуу болду

Армян тектүү түрк жарандар Кайсеридеги тарыхый Сурп Крикор Лусаворич чиркөөсүндө сыйынышты

516995
Кайсеридеги чиркөөдө сыйынуу болду

Армян тектүү түрк жарандар Кайсеридеги тарыхый Сурп Крикор Лусаворич чиркөөсүндө сыйынышты. Сыйынууга Түркия армяндары патриархынын руханий лидерлеринен патриарх Закеос Оханян менен Стамбул, Йозгат жана Сивастан келген 50гө жакын армян тектүү түрк жараны катышты. Кайсериде  өздөрү үчүн абдан чоң мааниге ээ болгон Сурп Крикор Лусаворич чиркөөсүндө сыйынуу менен бирге ыбадаттарын аткарышкандарын айткан Закеос Оханян бул мүмкүнчүлүктү берген шаардын башкаруучуларына рахмат айтты.

Ислам ааламын жакындап келе жаткан Рамазан майрамы менен куттуктаган Оханян : «Мусулман бир туугандарыбыз менен өлкөбүздө жана дүйнөнүн ар тарабында тынчтык, бейкуттук болсун деп Аллага дуа кылуудабыз»,- деди. Сыйынуудан кийин катышуучулар эскерүү дептерине кол жазмаларын калтыргандан кийин чиркөөдөн кетишти.



Тектеш кабарлар