Террорду колдогон мэриялар териштирилип жатат

Нуман Куртулмуш Түркиянын алдыңкы маселелеринин «террордун жок кылынышы жана террордун издеринин өчүрүлүшү» экенин баса белгиледи.

514956
Террорду колдогон мэриялар териштирилип жатат

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, террорду колдогон мэрияларга байланыштуу териштирүүнүн уланып жатканын айтты.

Нуман Куртулмуш Президенттик комплексинде кечээ президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Министрлер кеңешинин жыйналышы уланып жатканда журналисттерге маалымат берип, суроолорго жооп берди.

Жыйналышта каралган темалардын эң башында ички жана тышкы коопсуздук коркунучтары орун алганын белгилеген Куртулмуш, «Бул темага байланыштуу ар түрдүү мекеме жана уюмдарыбыздын, Башкы штаб төрагалыгыбыздын, Ички иштер министрлигибиздин, Улуттук чалгындоо уюмубуздун жана Тышкы иштер министрлигибиздин баяндамаларын уктук жана алар тууралуу талкууларды жасадык»,-деп айтты.

Коопсуздук күчтөрүнүн террорго каршы таасирдүү күрөшүп жатканда террорист топторго материалдык жана руханий колдоо көрсөткөн бир канча террорду колдогон мэриялардын, шаардык кеңештин мөчөлөрүнүн, мэрлердин болгонуна шилтеме кылган Куртулмуш, бул мэрияларга байланыштуу Ички иштер министрлиги тарабынан тергөө уланып жатканын белгилеп кетти.

Түркиянын алдыңкы маселелеринин «террордун жок кылынышы жана террордун издеринин өчүрүлүшү» экенин баса белгилеген Куртулмуш, муну менен катар инвестиция тармактарында Түркиянын кайрадан чоң инвестицияларды тарткан өлкө болушу, өзгөчө мамлекеттин чоң инвестицияларынын аткарылышы, жеке менчик секторго инвестициялардын жасалышы тармагында да Түркия ылдам процесстен өткөнүн баса белгиледи.

Куртулмуш, Түркия-Израиль карым-катнаштарына карай бир суроого жооп катары да, бул теманын техникалык деңгээлде тийиштүү кызматкерлер тарабынан жүргүзүлүп жатканын айтты.

 



Тектеш кабарлар