Сириядагы ДЕАШ буталары атылды

ДЕАШтын Сириядан Түркияга ок атууга даярданып жатканы белгиленди.

509232
Сириядагы ДЕАШ буталары атылды

Сириядагы террор уюму ДЕАШ жайгашкан жерлер «Фыртына» пушкалары  жана коалициялык күчкө таандык согуштук учактар менен атылды. 8 ДЕАШ терористи жок кылынды.

ДЕАШтын Сириядан Түркияга ок атууга даярданып жатканы белгиленди.

Түрк куралдуу күчтөрү ДЕАШка таандык курал жайгашкан жерлер, катюша ракеталары жана миномет окторунан турган 11 бутаны «Фыртына» пушкалары менен атты.

Айрыкча коалициялык күчтөргө таандык согуштук учактар да Жакка жана Дувайбик аймактарына 3 жолу абадан операция жүргүздү.

ДЕАШтын көзөмөлүндөгү Гүзел Мезра жана Йени Йабан аймактары оппозициячылдар тарабына өттү.

Бир тараптан Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сиирттин Эрух жана Шырнактын Бейтушшебаб элет жерлеринде жүргүзгөн абадан операциясында террористтерге таандык 6 бута жок кылынды.

Хаккаринин Шемдинли районунда да бир базага кол салган 6 террорст жок кылынды.



Тектеш кабарлар