Түндө дагы бир аскер шейит болду

Анкарадагы Гүлхане аскердик медициналык академиясында (GATA) дарыланып жаткан бир аскер көз жумду.

495906
Түндө дагы бир аскер шейит болду

Шырнакта уланып жаткан террорго каршы операцияларда жаракат алган жана Анкарадагы Гүлхане аскердик медициналык академиясында (GATA) дарыланып жаткан бир аскер көз жумду.

Башкы штабдын интернет барагынын жазуу түрүндөгү жарыясында 12-майда Шырнактагы операцияларда оор жаракат алган аскердин бардык аракет жумшалса да абалы оңоло албай бүгүн түнү шейит болгону жарыяланды.

Анда шейиттин жаткан жери жайлуу, топагы торкоо болушу тиленип, Түрк куралдуу күчтөрүнө көңүл айтылды.



Тектеш кабарлар