Эрдоган кол тийбестик сүйлөшүүлөрүнө сереп салды

Эрдоган Президенттик комплексинде өткөрүлгөн «25-Айыл өкмөт башчыларынын» жыйналышында сөз сүйлөдү.

484657
Эрдоган кол тийбестик сүйлөшүүлөрүнө сереп салды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын жерлерине жана атуулдарына карай жасалган бир дагы кол салууну жоопсуз калтырбагандарын жана калтырбай тургандарын айтты.

Эрдоган Президенттик комплексинде өткөрүлгөн «25-Айыл өкмөт башчыларынын» жыйналышында сөз сүйлөдү.

Анда Килиске террор уюму ДЕАШтын Сириядагы жайгашкан жерлеринен ракеталар атылышына катуу каршылык көрсөткөн Эрдоган, бул уюмга карай акыркы күндөрдө болгон операцияларды эске салды.

Эрдоган: «ДЕАШтын Килиске кол салууларына каршы операциялар жүргүзүлүп алар эң чоң кыйроого учуратылды жана кол салуусун токтотпосо дагы чоң кыйроого учурайт. Террор уюмдарынын өлкөбүзгө карай кол салууларынын артындагы ниеттерин биз абдан жакшы билебиз. Буга ишенип койгула ийгиликке жетише алышпайт»,-деп айтты.

Президент Эрдоган кол тийбестиктерге байланыштуу конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушунун Түркия Улуу Улуттук Жыйындагы сүйлөшүүлөрүнө да токтолду.

Эрдоган: «Кол тийбестик боюнча сүйлөшүүлөрдөн террор уюмунун маршын ырдап чыккан эл өкүлдөрүнүн да, аларды бир-бирден баатыр болгонсуп кабарларына алып чыккан медиа мекемелеринин да жиптери кайда барып жеткени белгилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар