Газиантептеги жардыруу бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган

Анда 2 полиция кызматкери шейит болду, жалпы 22 киши жаракат алды.

482078
Газиантептеги жардыруу бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган

Түркиянын Газиантеп шаарынын Коопсуздук директорлугуна бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болду. Анда 2 полиция кызматкери шейит болду. Жарылууда 18и полициядан турган жалпы 22 киши жаракат алды. Жаралуулар ооруканаларда дарыналып жатышат.

Газиантептин губернатору Али Йерликая, Коопсуздук имаратынын алдында саат 9:30 чамаларында болгон жарылуунун бомба жүктөлгөн унаа менен жасалганын жарыялады.

Кеңири коопсуздук чаралары көрүлгөн Областтык коопсуздук директорлугунун алдында окуя болгон жерди иликтөөчү топтордун иштери уланып жатат.

Бул учурда теракттан кийин шаардагы бир үйгө операция жүргүзүлүп, арасында аялдар да болгон айрым кишилер кармалып кетти.

Ал үйдү тинтүүдө бир аңчы мылтыгы табылды. Шектүүлөр түшүнүктөрү алынышы үчүн Областтык коопсуздук директорлугуна алып барылды.

Бир тараптан президент Режеп Таййип Эрдоган Газиантептеги терактка байланыштуу маалымат алды.

Президент Эрдоган жарылууда шейит болгон коопсуздук кызматкерлеринин жаткан жери жайлуу болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин жана жарандардын кайраттуу болушун тиледи.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу да Газиантепте жана Нусайбинде каза болгон шейиттердин жаткан жери жайлуу болушун тилеп, террорду айыптады.

Өкмөт башчы Давутоглу Газиантептеги террордук кол салууга байланыштуу, «Кеңири масштабдуу иликтөө жүргүзүлүүдө. Маанилүү айрым белгилер табылды. Ички иштер минстрлигибиз, Өкмөттүн областтагы өкүлдүгү тийиштүү маалыматтарды беришет»,-деди.

Давутоглу, террордун бул улуттун биримдик жана ынтымагына зыян тийгизе албай турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар