Газиантеп шаарында катуу жарылуу болду

Алгачкы белгилөөлөргө караганда 1 полиция кызматкери шейит болду. Кеминде 18 киши жаракат алды.

481767
Газиантеп шаарында катуу жарылуу болду

Түркиянын Газиантеп шаарынын коопсуздук директорлугуна бомбалуу кол салуу болду. Алгачкы белгилөөлөргө караганда 1 полиция кызматкери шейит болду. Үчү жаран он беши полиция болуп кеминде 18 киши жаракат алды.

Газиантеп шаарынын Коопсуздук директорлугунун имаратынын алдында саат 9:30 чамаларында катуу жарылуу болду.

Окуя болгон жерге көп сандаган саламаттык сактоо жана өрт өчүргүч топтору өткөрүлдү.

Жаралуулар тез жардам унаалары менен ооруканаларга жеткирилди.

Ал аймакка баруучу бардык жолдор коопсуздук максаты менен транспортко жабылды.



Тектеш кабарлар