Президент дүйнөлүк балдарды кабыл алды

Эрдоган, 23-апрелдин түрк тарыхы жагынан маанисине да токтолду.

475091
Президент дүйнөлүк балдарды кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган​ балдар болбогон дүйнөнүн канчалык супсак, канчалык жансыз жана канчалык түшүнүксүз болоорун элестете да албаганын белгилеп: «Сиз балдар кайтаруусуз, жасалмасы, жалганы жок сүйүүнүн аты болуп эсептелесиз»,-деди.

Түркия редиотелеберүү мекемеси уюштурган 38-Балдар фестивалына катышуу үчүн Түркияга келген ондогон өлкөнүн балдары, президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан Президенттик комплексинде кабыл алынды.

Президент Эрдоган ал жердеги сөзүндө дүйнөдө балдарга белек кылынган жалгыз улуттук майрам болгон 23-апрель кубанычын ар башка өлкөлөрдөн келген балдар менен майрамдаганы үчүн кубанычта экенин айтты.

«Балдар болбогон дүйнөнүн канчалык супсак, канчалык жансыз жана канчалык түшүнүксүз болоорун элестете да албайм. Сиз балдар кайтаруусуз, жасалмасы, жалганы жок сүйүүнүн аты болуп эсептелесиз»,-деп айткан Эрдоган, эң жөнөкөй, эң таза жана эң тунук сүйүү балдардын көздөрүндө, жүздөрүндө жана кичинекей колдорунда экенин айтты.

23-апрелдин түрк тарыхы жагынан маанисине да токтолгон Эрдоган, 1920-жылы 23-апрелде Анкарада чогулган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын боштондук согушун жүргүзгөнүн, жеңиш менен жыйынтыктаганын түшүндүрдү.

Ушундай маанилүү күндүн майрам катары бүткүл дүйнөлүк балдарга белек кылынганын түшүндүргөн президент Эрдоган, кудум эле баланын аңгемеси сыяктуу туулганына жана серпилип өнүгүүсүнө күбө болгон Республикабыздын быйыл 93 жылдыгы экенин белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар