Европа Биримдиги убадаларын орундатышы керек

Европа Биримдиги келишимге шайкеш келбесе, Түркия да аткарбайт

466534
Европа Биримдиги убадаларын орундатышы керек

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Европа Биримдиги убадаларын орундатпаган учурда 18-мартта түзүлгөн Артка кайтарып алуу келишимин Түркияда да ишке ашыра турганын айтты.

Президент: «Европа Биримдиги аткарышы керек болгон кадамдарды таштабаса, менин макулдугумдан өтө турган беренелер бекитилбейт. Анткени бардык нерсе макулдашуу тексти кандай болсо ошо текстке жараша болот»,-деди.

Эрдоган полиция бөлүмүнүн түзүлгөндүгүнүн 171 жылдыгынан улам Президенттиктин сарайында полицияларга кайрылды.

18-мартта түзүлгөн келишимдин эң маанилүү максатынын Эгей деңизиндеги өлүмдөрдү алдын алуу жана мыйзамсыз көчүүгө каршы күрөшүү экенин эске салган президент, кабыл алынган ар бир легалсыз баш калкалоочу үчүн Түркия коноктогон сириялыктын легалдуу жолдор менен Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жайгаштырыла турганын түшүндүрдү.

«Бул алмашуу 72 миңге жеткенге чейин уланат»,- деген Эрдоган андан соң Европа Биримдиги менен кайрадан сүйлөшө турганын белгиледи.

Европа Биримдигинин Түркиядагы сириялыктардын муктаждыктарын камсыздоо үчүн жалпы 6 миллиард евролук салым кошоорун убада кылганын билдирген президент Эрдоган: «Негизи Европа Биримдиги бул кадамдар менен мындан мурда эле керектүү жоопкерчиликти орундатмак. Бирок азырынча аткарыла элек»-деп айтты.

Президент Эрдоган сөздөрүн: «Европа Биримдиги келишимге шайкеш келбесе, Түркия да аткарбайт»,- деп улантты.

Президент жиберилген бардык баш калкалоочуларды Түркия кабыл алат экен, коопсуз аймакка кайтат экен сыяктуу тынчсыздануу жаратууга аракет кылынганын белгилеп, мунун мүмкүн эмес экенин анткени артка кайтарып алуунун тийиштүү өлкөнүн макулдугу менен гана болоорун кошумчалады.



Тектеш кабарлар