Түркияны бурчка такайбыз деп ойлогондор өз максаттарына жетпейт

Президент Эрдоган айыл өкмөт башчыларынын жолугушуусунда сөз сүйлөдү.

465931
Түркияны бурчка такайбыз деп ойлогондор өз максаттарына жетпейт

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, өз чүпүрөктөрүн түрк желегинин ордуна илинүү ойлогондор алар аны бир гана кепиндери катары колдоно алаарын айтты.

Эрдоган улуттун биримдигин, ынтымагын бутага алып Түркияны бурчка такайбыз деп ойлогондор жердин үстүн эмес астын карашсын, ал жерде ушундай эле ниет менен жолго чыккан бирок ар жолу жеңилүүгө учураган өздөрү сыяктуу көптөгөн макоолорду көрө тургандарын билдирди.

Президент Эрдоган Президенттиктин сарайында уюштурулган 23-Айыл өкмөт башчыларынын жолугушуусунда ​ сөз сүйлөдү.

Түркиянын өз жерлеринин ичинде жана дароо жанында болуп жаткан террордук коркунучтардан түздөн-түз жабыркаганын баса белгилеген Эрдоган, коопсуздук күчтөрүнүн террористтерге сокку урганын түшүндүрдү.

Күн тартибинде эл аралык маселелер да орун алган Эрдоган: «Сирияда кадимки куралдардан каза болгондордун саны 500 миң киши. Бул зөөкүрдү (Асад) Гаагадагы адилет сотуна жөнөтүшүбүз керек эмеспи? Анда ал кылгандары үчүн жооп берсин. Бул адам эч нерсе болбогондой дүйнөнү кыдырып жүрөт. Албетте барган жери бир гана Орусия, ал өзүнчө маселе. Бирок өкүлдөрү БУУга чейин келе алышат, дагы эле ошол жерден алардын сөзүн угуп жатабыз»,-деп айтты.

Сөз сүйлөөсүндө Азербайжан менен Армениянын ортосунда уланып жаткан кагылышууларга да токтолгон президент, Азербайжандын таштаган кадамдарын Армения тараптын да аткарышын каалаганын айтты.

Орус башкаруучулардын ушул чыңалуу боюнча «Түркия тарап» түрүндө билдирүүлөрдү жарыялаганын белгилеген Эрдоган: «Эгерде Азербайжан менен Армениянын ортосунда тарап изделе турган болсо, бул жерде эң маанилүү тарап Орусия болуп саналат. Орусия тарап болууну жакшы көрөт. Украинада да тарап болгон, Грузияда да тарап болгон, эми болсо Сирияда тарап болду»,- деп кошумчалады.

Президент Эрдогандын күн тартибинде БУУнун түзүлүшү да бар эле.

196 мүчөлүү БУУнун 5 туруктуу мүчөсүнүн гана болушун сындаган Эрдоган: «Булардын бары христиан. Алардын арасында бир дагы мусулман өлкө жок. Ушундай адилеттүүлүк болобу? Ар бир динди өкүлдүк кылган БУУнун Коопсуздук кеңеши жок. Материктер катары бир гана Европа, Азия жана Америка бар. Башка жерлер жок. 196 өлкөгө да бул жерде айрым учурларда тапшырма берилиши керек. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуусу убактылуусу болбойт. 20 өлкөдөн түзүлсө 20сы туруктуу болот. Эки жылда бир кызмат мөөнөтү алмашкан сайын 10 жылда мындай кызмат ушул өлкөлөргө берилсе болот» деген сунушун айтты.



Тектеш кабарлар