Анкарада абал

Кол салуда жараланган 11 киши жандандыруу бөлмөсүндө дарыланууда

451434
Анкарада абал


Ички иштер министрлиги 13 - мартта Анкаранын Ататүрк бульварында жүрүп бара жаткан бомба жүктөлгөн унаа менен автобус аялдамасында күтүп турган жарандарга карата жасалган террордук кол салуунун аткаруучусунун 1992 - жылы туулган, Сехер Чаглар Демир экенин билдирди.

Ички иштер минитрлиги Анкарадагы террордук кол салууну ишке ашырган Сехер Чагла Демирдин 2013 - жылдан баштап жикчил террордук уюм ПККга кошулганын, андан кийин Сирияга барганы жана ЙПГ террордук уюмдун ичинде террордук машыгуудан өткөнү аныкталганын билдирди.

Борбор шаар Анкараны жекшемби күнү канга булаган террордук кол салууда жараланган 35 киши 11 ооруканада дарыланууда.

Жаралуулардан 11 киши жандандыруу бөлмөсүндө дарыланууда.

Кол салууда каза болгондордун күбөлүктөрүн аныктоо иштери аяктады. Адилеттик медицинадагы 35 жаназа үй – бүлөлөрүнө тапшырылды. Террор курмандыктарын көмүү иштери бүгүн да улантылды.

Окуя болгон жерде каза болгондордун арасында кол салууну ишке ашырган эки террорист да бар. Ал террористтердин сөөгү боюнча ДНК иликтөөсү да улантылууда.

Окуя тууралуу териштирүү болгон ылдамдыгы менен улантылууда.

Милдеттендирилген 12 прокурор кол салууну кенен түрдө ачыкка чыгаруу үчүн ишин улантууда. Азыркы учурда камоого алынган 11 кишинин Анкара коопсуздук директорлугундагы териштирүүсү жүргүзүлүүдө.

Түнү менен жарылуу болгон Ататүрк бульвары асфальтталып, унаалардын өтүүсүнө жол ачылды. Анкаралыктар окуя болгон жерге гвоздикаларды ташташууда.



Тектеш кабарлар