Түркия калкы качан Европага эркин кирет?

Саммитте Түркиядагы баш калкалоочулар үчүн бериле турган 3 миллиард евролук жардамдын эки эсеге жеткирилишине чечим чыгарылды.

446341
Түркия калкы качан Европага эркин кирет?

Брюсселде уюштурулган Европа Биримдиги-Түркия саммитинде Түркия жарандарына виза эркиндигин берүүнүн ишке кирүү күнү июнь айына жылдырылды.

Саммитте Түркиядагы баш калкалоочулар үчүн бериле турган 3 миллиард евролук жардамдын эки эсеге жеткирилишине чечим чыгарылды.

Буга ылайык Анкара бийлигине, 2018-жылдын акырына чейин 6 миллиард евро төлөнөт.

Саммитте айрыкча ЕБнин грек аралдары аркылуу жөнөтө турган ар бир сириялык үчүн Түркиядан бир сириялык конокту кабыл алышына да чечим чыгарылды.

Бул токтомдордун жана кеңири маалыматтарынын декларация менен жарыяланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар