Волкан Бозкыр 3 жарым миллион кишинин дагы качкын болорун айтты

Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр Нью – Йорк башкы консулдугундагы түрк коомунун өкүлдөрү менен жолугушту

444899
Волкан Бозкыр 3 жарым миллион кишинин дагы качкын болорун айтты

Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр Сирияда 3 жарым миллион кишинин дагы качкын болорун айтты.

Волкан Бозкыр Нью – Йорк башкы консулдугундагы түрк коомунун өкүлдөрү менен өткөргөн жолугушуусунда Сирия жана качкындар маселеси чечиле албаса дагы чоң кыйынчылыктардын чыгарын белгиледи. Бозкыр түрк коомунун өкүлдөрүнөн террордук уюмдардын аныктамасы, мыйзамсыз көчтүн жайылуусу жана аймакта Түркия менен АКШ кызматташтык түзбөсө боло тургандар тууралуу АКШнын чечим чыгаруу механизмдерине Түркиянын позициясын түшүндүрүүлөрүн суранды.



Тектеш кабарлар