Стамбулда эки аял террорист жок кылынды

Стамбулдун губернатору Васип Шахин окуяда 2 полиция жаракат алганын жарыялады.

443925
Стамбулда эки аял террорист жок кылынды

Стамбулдун Байрампаша районундагы Ыкчам күчтөр кеңсесинин директорлугуна куралдуу кол салуу болду. Аны кылган 2 аял террорист жок кылынды.

Террористтер алгач полиция жооп кайтарганда качып барып кабат үйдүн ичине жашынып калышты. Кабат үйдүн чөйрөсүн коопсуздук күчтөрүнүн топтору курчоого алып, «багынып бер!» деген эскертүүсүн кылды. Ага баш ийбей ок аткылаган террористтер жок кылынды.

Стамбулдун губернатору Васип Шахин окуяда 2 полиция жаракат алганын жарыялады.

Бир тараптан кол салуу болгон убак аймактагы коопсуздук камераларына тартылды.

Анда 2 аял террористтин бирөө ыкчам күчтөр автобусунун өткөн учурунда алыс аралыкка атуучу курал менен ок атканы, экинчиси болсо граната ыргытып жиберип тапанча менен ок атканы белгилүү болду.



Тектеш кабарлар