Түрк илимпоз сыйлыгын алды

Химия боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылды.

405854
Түрк илимпоз сыйлыгын алды

2015-жылдагы химия боюнча Нобель сыйлыгына ээ болгон түрк илимпоз Азиз Санжар Швециянын борбору Стокгольмдо өткөрүлгөн аземде сыйлыгын Швециянын королу 16чы Карл Густавдын колунан алды.
Нобель дипломун жана алтын медаль алган Санжар 850 миң евролук акчалай сыйлыктын да ээси болду.
Санжар сөз сүйлөөсүндө мекени үчүн кубанганын айтты.
Проф. др. Азиз Санжар ДНКнын кайра калыбына келүү механизмин жана ракты дарылоонун жаңы ыкмаларын изилдегени үчүн сыйланган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар