Сирия чек арасына дубал тургузулууда
Көзөтчүлөр үчүн болот менен капталган бөлмөлөр курулууда
401001
Түркия – Сирия чек арасында коопсуздук чаралары күчтөндүрүлүүдө. Газиантептин Каркамыш району менен Килистин Чобанбейли районунун арасындагы 42 километрдик аянтта бийиктиги 3 метрлик дубалды тургузуу иштери башталды. Чек арага аскерлер үчүн болот менен капталган күзөт бөлмөлөрү курулууда. Болот менен каптала турган бөлмөлөр мурункусуна караганда дагы чоң болот. Газиантептин Каркамыш районунун маңдайындагы Сириянын Жераблус шаары ДЕАШ террордук уюмунун текшерүүсүндө болгондуктан аймакта жашагандар көрүлө турган чараларга маани беришүүдө.
Тектеш кабарлар
Вице-президент Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Румынияга барат
Жевдет Йылмаз бүгүн борбор шаар Бухарестте түрк иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.