Европа Биримдигинен Түркияга сунуш

Европа Биримдигинин кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштоону каалайт

367248
Европа Биримдигинен Түркияга сунуш

Европа Биримдигинин кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Йоханнес Хан Түркия менен сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоону каалашкандарын айтты. Хан : "Анкара менен токтотулган ЕБне мүчөлүк сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталуусун сунуш кыламын",- деди. Ройтерске маалымат берген  Хан Түркия - ЕБги  карым - катнашында жаңы бир ылдамдыкка жетишкенин белгилеп, мунун жаңы жылга чейин  ишке ашуусу үчүн ыктымалдуу бир саммитте бекитилишин күткөнүн айткан. 

Абдан олуттуу качкын кризиси менен бетме - бет келген ЕБги президент Р. Т. Эрдогандын ЕБги лидерлери менен жолугушуусу үчүн бир саммиттин өткөрүлүшүн сунуш кылган. 

ЕБги Түркияга мындан мурда качкындарды жеринде кармап туруусу үчүн 3 миллиард евро жардам, мүчөлүк сүйлөшүүлөрүндө жаңы темалар жана түрк жарандары үчүн виза эркиндигинин тездетилишин сунуш кылган. 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар